​Робот лыжачылар жарышы (видео)

​Робот лыжачылар жарышы (видео)
27-Фев. 2018, Шейшемби, 13:45

Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында өткөн XXIII кышкы Олимпиада оюндары элестери көпкө чейин кетпейт. Кореянын Велли-Хилли Парк тоо лыжасы курортундагы робот лыжачылар жарышы олимпиаданын эң унутулгус күндөрү болуп калды. Робот лыжачы жарышында эң кичинекей 75 см бойдогу лыжачы жеңишке жетишти.Жалпысына сегиз робот жарышка чыккан. Атаандаш робот лыжачылардын бойлору 75 см 160 сантиметрге чейин болгон. Алардын кыймылдаган механикалык колу,буттары кадимки адамдардыкындай кыймылдайт. Мындай спортчу роботтор Кореянын бардык университеттеринде конкурстук негизде жасатылган.

Робот лыжа жарышында 75см Taekwon V роботу джарбазаларды кулатпай маарага 18 секундда жетип келген.Жеңүүчү роботко 10 миң доллар сыйлык алды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!