Кышкы олимпиада өткөн стадион жыйналат

Кышкы олимпиада өткөн стадион жыйналат
28-Фев. 2018, Шаршемби, 14:46

Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында 2018-жылкы кышкы Олимпиада оюндарындагы “Олимпик” стадиону күзүндө жыйналат. Бул 7 кабаттан турган 35 миң орундук ири курулуш кайрадан жыйналып ордуна музей жана башка эс алуучу жайлар курулат. Адегенде уюштуруучулар Олимпиаданын ачылыш жана жабылыш салтанаттарынын жакын шаардагы бир стадиондо өткөрүүнү пландашкан. Бул абдан экономикалык жактан үнөмдүү болмок. Бирок олимпиада бюджети 12,4 миллиард долларга жогорулагандан кийин жаңысын куруу чечими кабыл алынган.

Олимпиадалык стадион 22 айда курулган. Анын курулушуна 105 миллион доллар каражат жумшалган. Бул ири 7 кабаттык имарат символикалык 5 бурчтуу: Маданият оюндарын, экологиялык, экономикалык, дүйнө жана маалымат технологиялык багыттарын ичине камтыйт. Стадиондун жалпы аянтты 240 миң чарчы метр.

Эсиңиздерге сала кетсек, кышкы Олимпиада оюндары Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында 2018-жылдын 9-февралынан 25-февралына чейин болуп өттү. Ага дүйнөнүн 90 өлкөсүнүн 2 900 спортчу катышты. Мелдештер 18 күнгө созулуп, спорттун 15 түрү боюнча жалпысынан 102 медаль ойнотулду. Алар биатлон, бобслей, тоо лыжасы, лыжа жарышы, лыжа кош таймашы, лыжа фристайлы, керлинг, коньки жарышы, трамплинден секирүү, скелетон, сноуборд, чана спортту, көркөм муз тебүү, хоккей, шорт-трек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!