Конор Хабибтин өпкөсүн үзөт

Конор Хабибтин өпкөсүн үзөт
2-Март 2018, Жума, 14:04

Конор Хабибтин өпкөсүн үзөт. Бул тууралуу UFC мушкери Кевин Ли айтып чыкты.

Анын пикири боюнча орусиялык UFC мушкери Хабиб Нурмагамедовду ирландиялык мушкер Конор Макрегормушташ башталганда эле жеңип чыгат. Sports.ru сайтынынмаалыматына караганда Кевин Ли Конор Хабибти оңой эле жеңет жана элдер кайрадан анын образын дагы көкөлүтүп чыгышат.

UFC мушкери Кевин Ли “ Конор ринге сейрек чыгат. Хабибти болсо жакында биз Барбозага каршы мушташта көрдүк. Анын стили эч кандай айырмаланбайт. Хабиб өзгөрбөйт. Ошондуктан бул маанилүү мушташта менин фаворитим -Конор МакГрегор. Хабиб болсо адегенде Тони Фергюсонду жеңип алсынчы” деп билдирди.

Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Тони Фергюсон 7-апрелде Нью-Йорк шаарында титул үчүн беттешет.

Эсиңиздерге сала кетсек, орусиялык мушкер менен америкалык Тони Фергюсондун ортосунда 3 жолу беттешүү белгиленип, бирок кийинкиге жылдырылган. 2017-жылы 5-мартта белгиленген беттешүү Хабиб Нурмагомедов жарат алганына байланыштуу болбой калган. Экинчи жолу Тони Фергюсондун саламаттыгынан улам кийинкиге жылдырылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!