Неймар операция жасатууга майып коляскада келди

Неймар операция жасатууга майып коляскада келди
3-Март 2018, Ишемби, 01:59

Бразилиялык футболчу жана француздардын «Пари Сен-Жермен» футбол клубунун чабуулчусу Неймар операция жасатуугаөлкөсүнө майып коляскада келди.“Eurosport” сайтынын маалыматына караганда26 жаштагы футболчу Рио-де-Жанейро аэропортунда майып коляскада көрүндү. Аны Бразилия курама командасынын дарыгерлери коштоп келген.

Бразилия курама командасынын дарыгерлери Родриго Ласмар “Неймардын бутундагы жаранка өтө олуттуу. Ага сөзсүз, хирургиялык кийлигишүү керек. Ансыз жөн гана дарылоо жаратты дагы күчөтүп,оорлоп кетиши мүмкүн” деди

Неймар өткөн жумада француздардын Чемпионат лигасында «ПСЖ» менен «Марсель» беттешүүсүндө катуу жыгылган. Дарыгерлер футболчунун оң кызыл ашыгы чоюлуп, сөөгүндө жаранка болгондугунан жана операция жасатууну сунуш кылышкан. Бирок, бир жумадан бери “ПСЖ” жетекчилиги келишимдеги беренеге таянып, атактуу футболчунун бутунун кызыл ашыгына операция жасалышына каршы болушкан. Себеби Неймар операция болсо май айынын акырына чейин футбол талаасына чыга албай калат. Буга ылайык Неймар 6-мартта Чемпионат лигасынын 1/8 финалында “Реал” менен дагы беттешүүгө катышпайт.

Эсиңиздерге сала кетсек “Барселонанын” мурдагы чабуулчусу Неймар француздардын “Пари Сен-Жермен” клубуна 2017-жылы августь айында өткөн. Анда оюнчу француз клубу менен 5 жылдык келишим түзгөн. Ал эми трансфер 222 миллион еврону түзүп, футбол тарыхында рекорд койгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!