​Футболчунун апасы селсаяк болуп калды

​Футболчунун апасы селсаяк болуп калды
6-Март 2018, Шейшемби, 12:54

Лондондун “Арсенал” футбол клубунун коргоочусу Эйнсли Мэйтленд-Найлстын апасы селсаяк болуп көчөдө калган. Бул тууралуу “The Mirror” басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык 38 жашындагы Джули Найлс үч чарчы метрдик темир контейнерде жашап жатат. Апасын көчөдө калтырган 20 жаштагы футболчу жумасына 30 миң фунт стерлинг айлык алат жана 700 миң фунт наркындагы люкс кабаттуу үйдө жашайт.

Лондондун “Арсенал” футбол клубунун коргоочусу Мэйтленд-Найлстын энеси “ Менин уулум мага үй алып берүүгө алы жетет. Ал эки жумалык же эки айлыгына жашоомду өзгөртө алат. Бирок аны акча башын айлантууда. Учурда уулум "Арсеналда" футбол ойноп жүргөндө мен көчөдө тентип калдым. Бул өтө оор экен. Мен болгону “кайсы жерден ката кетиргендигими ойлонуп жатам” деп билдирген.

Эсиңиздерге сала кетсек атактуу футболчу былтыркы сезондо Англия кубогун жеңип алышкан.(2016/17). Ал 2017-жылы 20-жашка чейинки оюнчулар арасында Англия курама командасынын атынан жаштар дүйнө чемпиондугун жеңип алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!