​Неймардын операциясы ийгиликтүү өттү

​Неймардын операциясы ийгиликтүү өттү
6-Март 2018, Шейшемби, 16:44

Франциянын «Пари Сен-Жермен» футбол клубунун чабуулчусуНеймардын операциясы ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу бразилиянынфутбол конфедерациясы (CFB) билдирди. Маалыматка ылайык футболчунун бутунун кызыл ашыгына операцияны Бразилиянын атактуу дарыгерлеринин бири Родриго Ласмар жасаган.

Неймар француздардын Чемпионат лигасында «ПСЖ» менен «Марсель» беттешүүсүндө катуу жыгылган. Дарыгерлер футболчунун оң кызыл ашыгы чоюлуп, сөөгүндө жаранка болгондугунан операция жасатууга чечим кабыл алышкан.

Учурда Неймардан операциядан кийин калыбына келүү мөөнөтү дароо башталган. Аны “ПСЖ” клубунун физиотерапевти жүргүзүп жатат. Мурда жалпыга маалымдоо каражаттары Неймардын калыбына келүү 2-3 ай убакытты алат деп билдиришкен эле.

Өткөн сезондо Неймар Франциянын чемпионатында 18 беттешүүгө катышып, 18 гол киргизген. Мындан тышкары бразилиялык футболчу Чемпионаттар лигасында 6 беттешүүгө катышып, баардыгында айырмалып чыккан. Ал эми 9-январда спорт изилдөө борбору (CIES) 25 жаштагы Неймарды 213 миллион еврого баалап, дүйнөнүн эң баалуу футболчу деп атаган.

Эсиңиздерге сала кетсек “Барселонанын” мурдагы чабуулчусу Неймар француздардын “Пари Сен-Жермен” клубуна 2017-жылы августь айында өткөн. Анда оюнчу француз клубу менен 5 жылдык келишим түзгөн. Ал эми трансфер 222 миллион еврону түзүп, футбол тарыхында рекорд койгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!