​Лола Каримова кызматтан кетүүгө аргасыз болду

​Лола Каримова кызматтан кетүүгө аргасыз болду
7-Март 2018, Шаршемби, 12:04

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун кичүү кызы Лола Каримова - Тилляева Гимнастика Федерациясынын президентиги кызматынан кетүүгө аргасыз болду. Бул тууралуу Tengrinews.kz. сайты жазып чыкты. Маалыматка ылайык Өзбекстан Гимнастика Федерациясынын 13 жыл жетектеген кызматын өткөрүүгө аргасыз болгондугун өзүнүн “Facebook” баракчасына бөлүшкөн.

" Мен 13 жыл өткөндөн кийин Өзбекстан гимнастика федерация жетекчилиги кызматтынан кетүүгө аргасыз болуп отурам. Бардык спортчуларга, машыктыруучу курамга,федерациянын жалпы кызматкерлеринемыкты эмгектери жана спорттун бул түрүн жогорку даражага көтөргөндүгү үчүн чын жүрөгүмдүн ыраазычылык билдирем! Азия гимнастика бирлигине ардактуу президенти наамын сактоо менен булкеремет спорттун эңберилген ышкыбозу катары кала бермекчимин. Биздин спортчулардын мындан аркы ийгиликтерге жетише беришине тилектешмин” деп жазган.

Эсиңиздерге сала кетсек 2018-жылы февраль айында Лола Каримова -Тилляева Өзбекстандын ЮНЕСКОдогу өкүлү кызматындагы өткөрүп берген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!