Футбол клубу 1 еврого сатылат.

Футбол клубу 1 еврого сатылат.
9-Март 2018, Жума, 11:27

Испаниянын "Рекреативо" футболдук клубу символикалык түрдө1 еврого сатылат. Бул тууралуу Чемпионат.сom сайтыжазып чыкты. Маалыматка ылайык клуб абдан оор финансылыкабалдажана учурда жаңы кожоюн издеп жатат. Клубдун учурдагы карызы 7,6 миллион евродон ашат. Ал эми «"Рекреативо"футболдук клубу жайгашкан Уэльв шаар бийлиги топтолгон карыздарын кечкен бирок жаңы ээси чыга элек.

Белгилей кетсек "Рекреативо"футболдук клубу Испаниянын эң эски клубдарынан болуп саналат. Ал быйылкы жылы 129 жылдык мааракесин белгилейт. Клуб испаниянын жогорку футбол клубдары тизмесинде 8 орунга чейин көтөрүлгөн. Ал эми 2002/03 сезондо Испания Кубогун жеңип алышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!