​Спортчунун бутун араалап кетишти

​Спортчунун бутун араалап кетишти
12-Март 2018, Дүйшөмбү, 11:37

Түштүк Африка Республикасынын жөө күлүгү Мхленги Гуалини мелдешке катышаар алдында бутун аралап кете жаздашты. Ал машыгууга келатканда белгизсиз адамдар кол салып, бутун араа менен кесип кетүүгө аракет кылышкан. Спортчунун машыктыруучусу Сэндайл Шейндж Би-би-си кабарчысына билдиргенине караганда 26 жаштагы жөө күлүк ооруканада жатат. Анын жараты олуттуу эмес жана өмүрүнө коркунуч жаратпайт. Бирок дарыгерлер бутун сактап калдындыктарын ал эми калыбына келүү көп убакытты алаарын айтышкан.

Маалыматка ылайык Түштүк Африка Республикасынынүчүнчү чоң шаары болгон Дурбанда велосипед менен келаткан спортчуга үч адам кол салышкан. Алар спортчунун эки бутун тең араа менен жаралап кетишкен.

Спортчунун машыктыруучусу Сэндайл Шейндж “Спортчу адегенде кол салгандар тоногону жатышат экен деген ойдо телефонун, саатын жана велосипеддин да берген. Бирок аларга спортчунун буту керек экендигин эч ойлогон эмес “ деп билдирди.

Спортчу бул айда Түндүк Африканын улуттук чемпионатында триатлон боюнча жарышка катышмак.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!