Алина Кабаева интернетте кызуу талкууланууда

Алина Кабаева интернетте кызуу талкууланууда
14-Март 2018, Шаршемби, 13:47

Орусиялык атактуу гимнаст Алина Кабаева толуп кеткенби же кош бойлуубу?Спортчунун бул сүрөттөрү социалдык тармакта катуу талкууланууда.

Алина Кабаева адатта салтанаттарга көп катышпайт. Ошондуктан анын барган жерлери интернет айдыңында башкы темага айланат. Өткөн айдын аягында Москвада көркөм гимнастика боюнча чемпионат Кубогуна катышкан атактуу гимнаст Алина Кабаеванын толуп кеткендиги социалдык тармактан түшпөй келатат. Сүрөттөрдө жаш спортчулар арасындагы Кабаева сырткы келбети менен абдан айырмалынып тургандыгын жана кош бойлуу экендигин социалдык тармактын колдонуучулары байма-бай жаза башташты.

Ал эми 38h.net интернет булагы кайрадан Владимир Путин менен мамилелерин жазып чыгышты. Атактуу гимнаст Кабаева менен Путиндин мамилеси акыркы 5 жылда ушак-айыңдар коштолгон темага айланган. Алардын үйлөнгөндүгү тууралуу маалыматтар 11-апрелде 2008 - жылы чыга баштаган. Алгачкы макаланы ошол учурда «Московский корреспондент» гезити жазып чыккан.

Эсиңиздерге сала кетсек орусиялык атактуу гимнаст, "Сидней-2000" Олимпиадасында коло жана "Афины-2004" Олимпиадасында алтын медалга ээ болгон, 2 жолку Дүйнө, Европа чемпиондугунун 5 жолку абсолюттук чемпиону, Орусиянын Эмгек сиңирген спорт чебери наамына татыган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!