​Майк Тайсондун үйү чиркөөгө айланды

​Майк Тайсондун үйү чиркөөгө айланды
14-Март 2018, Шаршемби, 15:10

Дүйнөнүн мурдагы бокс боюнча абсолюттук чемпиону, америкалык профессионал - мушкер Майк Тайсондун мурдагы үйү чиркөөгө айланды. Американын Огайо штатындагы Тайсондун үйү учурда чиркөө катары ачылгандыгын «Спорт-Экспресс» басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык ал үйдү боксчу 1989 - жылы 300 миң долларга сатып алган. Бирок он жылдан кийин ишкер Пол Мониага 1,3 миллион долларга сатып жиберген. Белгилүү ишкер акча жашыруу беренеси менен эркинен ажыратылган. Ал эми жалпы аянты эки миң чарчы метр чоң үй Саутингтон шаар бийлигинин карамагана өткөн. Бир канча жыл бош турган үй учурда чиркөөгө айланды.

Атактуу боксердон үйүндө дубалдагы кооз таштары, бир нечечырак коюла турган шамдалдар жана күзгү, үйдүн аркасында баскетбол аянтты менен 4 жолборсторун кармаган капастар калган.

Эсиңиздерге сала кетсек, Майк Тайсон бардык салмак боюнча дүйнөнүн эң күчтүү мушкери болуп саналат. Америкалык профессионал-мушкер, профессионалдар арасында оор салмактык категорияда дүйнөнүн абсолюттук чемпиону. “Ринг” журналынын версиясы боюнча “Жылдын мушкери” наамына татыган. Ал профессионалдык рингде 60 беттеш өткөрүп, 50 ирет жеңишке жетишкен. 6 беттеште жеңилип калган. Анын катышуусундагы 2 беттеш жокко чыгарылган.

“Темир Майк" спорт карьерасын 2005-жылы жыйынтыктаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!