Неймар калктын каарына калды

Неймар калктын каарына калды
15-Март 2018, Бейшемби, 15:15

Бразилиялык футболчу жана француздардын «Пари Сен-Жермен» футбол клубунун чабуулчусу Неймар жума башында каза болгон окмуштуу Стивен Хокинди эскерүүсү менен элдин каарына калды.

Атактуу футболчу майып коляскада отуруп “Сиз дайыма позитивдүү ой жүгүртүп, мындай абалдан түп орду менен чыгууга аракет кылууңуз керек” деген англиялык физик, профессор Стивен Хокингдин сөзүн астына жазып койгон.

Бул сүрөттү Неймар социалдык тармактарга бөлүшкөн. Футболчунун бул эскерүүсүн көпчүлүктүн кыжырын кайнатып, Неймарды катуу талкууга алышууда. Учурда Неймар 25-февралда француздардын Чемпионат лигасында «ПСЖ» менен «Марсель» беттешүүсүндө катуу жыгылып, Бразилияда операция болгон. Анын калыбына келүүсүнө дагы бир нече айлар алаары айтылууда.

Англиялык физик, профессор Стивен Хокинг 76 жашында бул жума дүйнөдөн кайтты. Физик-теоретик космостук сингулярдуулуктун пайда болуусун изилдеген. 1998-жылы "Убакыттын кыска тарыхы" аттуу китеп жазып, ал он миллиондогон тираж менен тараган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!