​Роналдиньо: “Бала кыялым менен жашадым”

​Роналдиньо: “Бала кыялым менен жашадым”
20-Март 2018, Шейшемби, 11:04

Соңку 10 жылдагы эң мыкты футболчу, бразилиялык Роналдиньо 37 жашында спорттук карьерасын жыйынтыктаган жана инстаграмда толкундаткан коштошуу каты менен кайрылды.

"Оо Кудай, мага берген өмүр үчүн ырахмат! Үй-бүлөөмө, досторума жана жалгыз кесибим үчүн терең ыраазымын. Мен ушул жашымда турмушка ашырган кыялым менен коштошуп жатам. Соңку 20 жыл ичинде мен эң жакшы көргөн ишим мененпрофессионалдык түрдө алектенип келем. Мындан тышкары 10 жыл даярдык менен өттү.

Мен бала кыялым менен жашадым. Сапарлар, жеңиштер, жеңилүүлөр, улуттук гимндер, стадионго чыгуулар, кийинүүчү бөлмөлөр, бутсыларым, алган сыйлыктарым жана мени менен кошо ойногон футбол жылдыздары... Мунун баары укмуш сонун болду! Бул жолдун баардыгында менин атамжана үй-бүлөөнүн башка мүчөлөрү коштоп жүрдү. Алардын коллективдүү аракеттери эң сонун тарыха айланып калды.

Силер менин олуттуу жана көп сүйлөй берген адам экенимди жакшы билесиңер. Ошондуктан чын жүрөгүмдөн баардыгыңарга ыраазычылык билдиргим келет. Машыктыруучуларыма, футбол бирикмелерининөкүлдөрүнө, менин клубдарымын ышкыбоздоруна жана автобус айдоочулары, форма боюнча менеджерлери, калыстар, журналистерге терең таазим этем. Баардыгыныздарга ырахмат! Силерсиз бул жеңиштер болбойт эле!

Мартайында мен коштошуу оюнуна катышам. Ушуга чейин дем бергениңиздер үчүн рахмат! Мага кабарлашкандарга да ыраазымын. Баарыңарды кучактайм. Спорттун бул түрүн өзүмдүн жашоом жана ишим кылып алганыма абдан кубанычмын”.

Эсиңиздерге сала кетсек атактууфутболчу өз карьерасын 1995-жылы "Гремио" футболдук клубунда ойноодон баштаган. 2003-жылдыРоналдиньону "Барселона" футболдук клубуна өткөн. "Барселонада" ойноп жүргөн мезгилинде футболчу мыкты оюн көргөзүп 2004-жылдын 20-декабрында ага ФИФАнын чечими боюнча "Жылдын эң мыкты футболчусу" деген наам берилген. Ал "Барселона" футболдук клубу үчүн жалпы 6 сезон ойногон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!