Роналду: “Азырынча менден мыктысы жок”

Роналду: “Азырынча менден мыктысы жок”
22-Март 2018, Бейшемби, 15:23

«Реа́л Мадри́д» клубунун чабуулчусу, португалиялык футболчу Криштиану Роналду азырынча андан кыйын футболчу чыга электигин билдирди. Бул тууралуу атактуу чабуулчу 2017-жылдагы “Португалиянын мыкты футболчусу” сыйлыгын тапшыруу аземинде айтып чыкты.

Криштиану Роналду “Мен футбол талаасында менден кыйын эч ким чыга электигине дагы эле ишенем. Биз дайыма мыкты экенибизди билишибиз керек. Ар дайым алдыга жана бийик нерселерге умтулуубуз зарыл. Былтыркы жыл “Реал” үчүн тарыхый жыл болду. Биз көптөгөн сыйлыктарда жана “Алтын топту” жеңип алдык. Мен футбол талаасынан сыйлык алууну адатыма айландырып алдым” деди

Эсиңиздерге сала кетсек, Криштиану Роналду «Реа́л Мадри́д» футбол клубунда 2009-жылдан бери ойноп келатат. Ушул убак аралыгында ал эки жолу Испаниянын чемпиону, эки жолу Кубок жана өлкөнүн Суперкубогун, үч жолу Лига Чемпиондугун жеңип алган. Өткөн айда португалиялык футболчу Криштиану Роналду 2017-жылдын мыкты футболчусу жана “Алтын топ” сыйлыгынын ээси болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!