​“Россия”- “Бразилия”: Бүгүн кимиси жеңет?

​“Россия”- “Бразилия”: Бүгүн кимиси жеңет?
23-Март 2018, Жума, 03:14

Бүгүн Москвада “Лужники” стадионунда Бразилия жана Орусиянын футбол курама командаларынын ортосундагы жолдоштук беттешүү өтөт. Футбол оюну Бишкек убактысы боюнча 22:00 (Москва убактысы 19:00) башталат. “Лужники” стадионунда жалпысынан 81 миң көрүүчү батат. Орусия футбол бирлигинин(РФС) президенттинин милдетин аткаруучу Александр Алаев аба-ырайынын сууктугуна карабай учурда 65 миң билет сатылгандыгын «Спорт Экспресс” басылмасына билдирген.

Ал эми “Вwin” букмекердик компаниянын аналитиктери бул оюнда ачык фаворитти көрүшкөн жери жок. Бразилиянын жеңишине букмекердик кеңсе 1,6 коэффициент менен бааласа , орусиялыктардын жеңиши 5,75 коэффициент коюлду. Ал эми теңме-тең болот дегендерге 3,7 коэффициенткатары белгиленди.

Сиз ким жеңет деп ойлойсуз?

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!