Марадона: Дүйнө чемпионатын Германия жеңет

Марадона: Дүйнө чемпионатын Германия жеңет
23-Март 2018, Жума, 11:08

Аргентина курама командасынын легендарлуу футболчусу Диего Марадона 2018-жылы жайында Орусияда өтө турган футбол чемпионатынын фавориттеринатады. Sport.ru порталынын маалыматына караганда Марадоначемпионатта Германия жана Испания жеңишке жетишээрин белгиледи.

Марадона “Франциянындагы мыкты командасы,Погба сыяктуу мыкты оюнчулары бар бирок алар фаворит боло албайт. Франция эгерде Риберини кайра алса, жакшы болмок. Менин оюмча чемпионатта Германия жана Испания жеңишке жетишет”,- деп айтты.

Футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2018-жылдын 14-июнунан 15-июлга чейин Россияда өтөт. Футболчулар Россиянын 11 ири шаарларында 12 стадионунда ат салышат. Москва шаарында (“Лужник жана “Спартак), Санкт-Петербург (“Санкт-Петербург” стадионунда) Казань (“Казань Арена”), Сочи (“Фишт”), Екатеринбург (“Екатеринбург Арена”), Ростов-на-Дону (“Ростов Арена”), Волгоград (“Волгоград Арена”), Нижний Новгород ( “Нижний Новгород” стадиону).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!