​9 жаштагы кыз Мэйвезер сыяктуу мушташат (видео)

​9 жаштагы кыз Мэйвезер сыяктуу мушташат (видео)
23-Март 2018, Жума, 12:28

Украиналык 9 жаштагы кыз Кира Макогоненко ыкчам жана кубаттуу соккулары менен баардыгын таң калтырууда. Анын бокс машыгуусундагы соккулары, коргонуусу жана көзү таңылуу кыймыл – аракеттерин Флойд Мэйвезерге салыштырышууда.

Кира бокс менен эки жылдан бери машыгып келет. Аны атасы кикбоксинг боюнча Украинанын чемпиону Артем Макогоненко өзү даярдап жатат. Секелек спортчу “King” фитнес борборунда эки күндүн биринде төрт сааттан машыгууда.

Кираны атасы 7 жашында бокска берген. Адегенде ал спорттук гимнастикага барып жүргөн. Атасынын айтымында Кира эки ай машыгуудан кийин эле баардыгын таң калтырган. Кыска убакыттын ичинде секелек спортчу эки, үч жыл машыгып жүргөн балдардан ашып, жаңы ыкмаларды өздөштүрө баштаган. Киранын эң жакшы көргөн көнүгүүсү - көзүн таңып алып машыгуу. Ал бул ыкма менен Дубайдагы бокс мектебинде мастер-класс өткөрүп келген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!