Мэйвезер: “Криштиану Роналдуну сатып алам”

Мэйвезер: “Криштиану Роналдуну сатып алам”
23-Март 2018, Жума, 14:33

Бир дагы жолу жеңилип көрбөгөн америкалык мушкер Флойд Мэйвезер “Ньюкасл” футбол клубун сатып алып, ага атактуу футболчу Криштиану Роналдуну алып келмекчи. Бул тууралуу “Еurosport” сайты жазып чыкты. Анда Мэйвезер “ Мен “Ньюкасл” футбол клубуна инвестиция кыла алам. Бул шаарды абдан жакшы көрөм. Дайыма кечелерди өткөрөм. Мен спорттун бардык түрүнө эшигим ачык. Спортко мен башым жана жүрөгүмдү берем” деди

Ал эми бул кыялдар ишке ашып калса анда атактуу футболчу тууралуу буларда айткан. “Криштиану Роналду менин эскиден берки досум, мен аны спорттук карьерасын “Ньюкасл” футбол клубунда аякташына мажбур кыла алам”

Эсиңиздерге сала кетсек 2015-жылы беш салмак категориясында дүйнө чемпиону рингден кеткендигин жарыя кылган. Бирок кайрадан соңку беттешүүсүн Конор Макгрегор менен 2017-жылы августь айында өткөргөн. Флойд Мейвезер менен эрежесиз уруш боюнча UFC уюмунун чемпиону Конор Макгрегордун беттеши «Кылымдын беттеши» болгон. АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн бул беттеште Мейвезер атаандашын 10-раундда техникалык нокаутка кетирип, жеңишке жетишкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!