Алишер Усманов “Милан” клубун сатып алат

Алишер Усманов “Милан” клубун сатып алат
26-Март 2018, Дүйшөмбү, 15:14

Орусиялык ишкер Алишер Усманов итальялык “Милан” футбол клубун сатып алат. Учурда футбол клубунун ээси кытайлык ишкер Ли Юнхун. Ал “Милан” клубун 2017-жылы апрель айында Сильвио Берлускониден 740 миллион еврого сатып алган. "Спорт-экспресс" басылмасынын маалыматына караганда учурда клуб каржы кыйынчылыгын кечирүүдө. Италиялык клуб "Эллиот Менеджмент" фондуна 303 миллион евро карызы бар.

Бул фонддун жетекчиси Пол Сингер менен орусиялык ишкер Алишер Усманов эчактан бери достук мамилелери бар. Эгерде “Милан” футбол клубу ушул жылдын октябрь айына чейин "Эллиот Менеджмент" фондуна карызын төлөй албаса Усманов сатып алышы күтүлүүдө.

Эсиңиздерге сала кетсек, орусиялык ишкер Алишер Усманов лондондук “Арсенал” клубунун 29,25 пайыз акцияларынын ээси болуп саналат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!