“Формула -1дин” 2018-жылдагы жаңы сезону 25-мартта Мельбурн шаарында башталды. Адаттагыдай эле үч командага чоң үмүт артышууда. Алар «Мерседес», «Ферарри»жана «Ред Булл» командаларынын жеңишке жетишүүгө реалдуу мүмкүнчүлүктөрү бар. Австралиянын Гран - при квалификациясынын 2018-жылкы сезонун биринчи этабында “Мерседестин” айдоочусу Льюис Хэмилтон биринчиликти камсыз кылды.
Дүйнөнүн төрт жолку чемпиону 1 мүнөт 21,164 секундда биринчиликти багындырды. Экинчиликти «Феррари» Кими Райконен (1.21,828) үчүнчүлүктү Себастьян Феттель(1.21,838) камсыз кылды.
Ал эми орусиялык «Уильямстын» айдоочусу Сергей Сироткин 19 орунга (1.24,922) илинип, биринчи айлампадан чыгып калды.