Ашхабад-2017: Гүлшанай Сатарова күмүш тагынды

Ашхабад-2017: Гүлшанай Сатарова күмүш тагынды
20-Сен. 2017, Шаршемби, 11:31

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында жеңил атлетчи Гүлшанай Сатарова күмүш тагынды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты жазып чыкты.

Маалыматка караганда, спортчу 1500 метр аралыкта жарышка чыгып, 4 мүнөт 31,64 секундда 9 спортчунун ичинен 2-орунда келген.

Ушуну менен Кыргызстандын байге куржунунда 17 медаль (1 алтын, 6 күмүш, 10 коло) бар.

V Азия оюндары Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 27-сентябрда жыйынтыкталат. Кыргызстандын намысын спорттун 17 түрү боюнча 153 спортчу коргоп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!