​Спортчулардын стипендиялары аныкталат

​Спортчулардын стипендиялары аныкталат
11-Янв. 2018, Бейшемби, 12:30

10-январда Жогорку Кеңештин жыйынында “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 3-окууда каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

3-окуудагы мыйзам долбоору боюнча Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова баяндама жасады. Эл өкүлдөрүнүн суроолоруна Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкулов жооп берди.

Мыйзам долбоору дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мыйзамдарды оптималдаштыруу максатында иштелип чыккан. Мыйзам долбоору менен аталган мыйзамдын 6-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү каралат. Ага ылайык спортчуларга спорттук жетишкендиктер үчүн стипендияларды төлөө тартибин аныктоо боюнча мамлекеттин милдеттемеси белгиленет. Бүгүнкү күндө стипендияларды төлөө «КР алдыңкы спортсмендерине стипендиялар жөнүндө» КР Өкмөтүнүн токтомуна ылайык жүргүзүлөт.

Мындан сырткары, дене тарбия жана спорт мекемелеринде окуу-машыгуу иштерин жүргүзүүгө укугу бар адамдарды жөнгө салуу максатында долбоор менен 25-беренеге өзгөртүүлөрдү киргизүү каралат. Анда “КР спорт чебери” же “КР эл аралык класстагы спорт чебери”, “КР эмгек сиӊирген спорт чебери” спорттук наамдары бар адамдар квалификациясын жогорулатуунун кыска мөөнөттүү курстарынан өткөндөн кийин дене тарбия жана спорт мекемелеринде окуу-машыгуу сабактарын жүргүзүүгө укуктуу деп белгиленүүдө.

Талкууда спорт тармагын өнүктүрүүгө, спортчуларды колдоого комплекстүү иш-чараларды көрүү, жетиштүү каржылоо зарылчылыгы айтылды. Ошону менен катар эл аралык деңгээлдеги спорт сарай куруу маселеси козголду.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!