Окуучулар арасында шаардык мелдеш башталды

Окуучулар арасында шаардык мелдеш башталды
24-Янв. 2018, Шаршемби, 16:39

Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Дене тарбия жана спорт башкармалыгы спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү жана ден соолукту чыңдоо максатында «Мектеп лигасы» шаардык спорттук программасынын 2-чи шаардык тайпасын башталганын маалымдады.

Балдар арасында баскетбол боюнча мелдеш 20-январдан 17-февралга чейин, ал эми кыздар арасында баскетбол боюнча мелдеш 24-февралдан 24-мартка чейин Бишкек шаарынын №29 мектеп гимназиясынын спорт залында өткөрүлөт.

Бардык катышуучуларга жана команданын машыктыруучуларына атайын өздүк карточкалар даярдалып, оюндун кесиптик деңгээлде өтүшүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!