Муртазалиев Азия чемпиону болду

Муртазалиев Азия чемпиону болду
31-Янв. 2018, Шаршемби, 10:29

Кыргызстандык спортчу Абдурахманхаджы Муртазалиев Монголиянын Улан-Батор шаарында өткөн жиу-житсу боюнча Азия чемпиондугунда алтын медалдын ээси болду. Бул тууралуу КРнын жиу-житсу федерациясынан билдирди.

Мелдеш 27-28-январда өткөрүлгөн. Муртазалиев 85 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, алгачкы беттеште орусиялык Борис Манататовду жеңип алган. Экинчи беттешинде монголиялык Оюнбату Хуасану менен беттешип, 11:0 эсеби менен атаандашын артка калтырды.

Жыйынтыгында 1-орунду алып, 2018-жылдын Азия чемпиондугунун алтын медалын алды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!