Жалал-Абадда спортчуларга үй берилди

Жалал-Абадда спортчуларга үй берилди
7-Фев. 2018, Шаршемби, 15:02

Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бийликтери тарабынан берилген акчалай сыйлык эсебинен шаардык 2 спортчу жаңы конуштуу болушту. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук спорт, дене-тарбия жана жаштар комитетинен билдиришти.

Азыр грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Калы Сулайманов жана коло медалдын ээси Эсен Асанов ар бири 2 бөлмөлүү батирге ээ болуу алдында турушат. Эскерте кетсек, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин сессиясында бул эки спортчуга акчалай сыйлыктарды ыйгаруу маселеси каралып, жергиликтүү бюджеттин эсебинен спортчулардын ар бирине бир миллион сомдон ашуун акчалай сыйлык берилген. Бул суммага балбандар үстүбүздөгү жылдын башында эле үй сатып алууну чечишкен жана шаардын З. Жамашев көчөсүндө курулуп жаткан жаңы үлгүдөгү, заманбап үйдөн батирлерге ээ болушту.

Белгилей кетсек, буга чейин Жалал-Абад шаарында ийгиликтүү спортчуларга бюджет эсебинен миллион сом өлчөмүндө акчалай сыйлык ыйгарылган эмес.

Ал эми жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үй үстүбүздөгү жылдын август айында пайдаланууга берилет. Ал 5 кабаттуу болуп, 55 батирден турат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Самара Каримованын мектепти бүткөнүнө канча жыл болду?
Самара Каримованын мектепти бүткөнүнө канча жыл болду?
Ырчы Юлия Руцкаянын жаңы клибине жакшы деген баа беришүүдө (видео)
Ырчы Юлия Руцкаянын жаңы клибине жакшы деген баа беришүүдө (видео)
Тогуз жыл кыз-жигит болуп сүйлөшкөн Максат менен Айсулуу жакында баш кошушат
Тогуз жыл кыз-жигит болуп сүйлөшкөн Максат менен Айсулуу жакында баш кошушат
Абылгазиев Бишкектин ШКУ саммитин өткөрүүгө даярдыгынын жүрүшүн текшерди
Абылгазиев Бишкектин ШКУ саммитин өткөрүүгө даярдыгынын жүрүшүн текшерди
Жээнбеков ЕРӨБ президенти Сума Чакрабарти менен жолугушту
Жээнбеков ЕРӨБ президенти Сума Чакрабарти менен жолугушту
Көз аллергиясы башталдыбы?
Көз аллергиясы башталдыбы?
Мамлекетке өткөрүлгөн кымбат унаалар колунда жокторго берилет
Мамлекетке өткөрүлгөн кымбат унаалар колунда жокторго берилет
​​“Барселона” 10 футболчусун иштен айдайт
​​“Барселона” 10 футболчусун иштен айдайт
​Карызды жоюуга 23,7 млрд. сом жумшалган
​Карызды жоюуга 23,7 млрд. сом жумшалган
Жогорку Кеңеш даараткана жайларын оңдоо үчүн 2 млн 750 миң сомго тендер жарыялады
Жогорку Кеңеш даараткана жайларын оңдоо үчүн 2 млн 750 миң сомго тендер жарыялады
Добуш сатып алуу сыяктуу мыйзамсыз аракеттерге жоопкерчиликти күчөтүү сунушталды
Добуш сатып алуу сыяктуу мыйзамсыз аракеттерге жоопкерчиликти күчөтүү сунушталды
Тоок этинин пайдасы
Тоок этинин пайдасы
​Шашылыш билдирүү: 25-26-майда туруксуз аба-ырайы күтүлөт!
​Шашылыш билдирүү: 25-26-майда туруксуз аба-ырайы күтүлөт!
​Нурмагомедов Рамазан айында кандай машыгууда?(видео)
​Нурмагомедов Рамазан айында кандай машыгууда?(видео)
​3 айда 1,7 жумушчу орун түзүлдү
​3 айда 1,7 жумушчу орун түзүлдү
Коркуткан иликтөө: Эки ири мамлекет согушат!
Коркуткан иликтөө: Эки ири мамлекет согушат!