Жалал-Абадда спортчуларга үй берилди

Жалал-Абадда спортчуларга үй берилди
7-Фев. 2018, Шаршемби, 15:02

Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бийликтери тарабынан берилген акчалай сыйлык эсебинен шаардык 2 спортчу жаңы конуштуу болушту. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук спорт, дене-тарбия жана жаштар комитетинен билдиришти.

Азыр грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Калы Сулайманов жана коло медалдын ээси Эсен Асанов ар бири 2 бөлмөлүү батирге ээ болуу алдында турушат. Эскерте кетсек, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин сессиясында бул эки спортчуга акчалай сыйлыктарды ыйгаруу маселеси каралып, жергиликтүү бюджеттин эсебинен спортчулардын ар бирине бир миллион сомдон ашуун акчалай сыйлык берилген. Бул суммага балбандар үстүбүздөгү жылдын башында эле үй сатып алууну чечишкен жана шаардын З. Жамашев көчөсүндө курулуп жаткан жаңы үлгүдөгү, заманбап үйдөн батирлерге ээ болушту.

Белгилей кетсек, буга чейин Жалал-Абад шаарында ийгиликтүү спортчуларга бюджет эсебинен миллион сом өлчөмүндө акчалай сыйлык ыйгарылган эмес.

Ал эми жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үй үстүбүздөгү жылдын август айында пайдаланууга берилет. Ал 5 кабаттуу болуп, 55 батирден турат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!