«Баарыбыз лыжага - 2018» иш-чарасы өттү

«Баарыбыз лыжага - 2018» иш-чарасы өттү
13-Фев. 2018, Шейшемби, 14:08

Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылындагы «Кленовый лист» гольф-клубунда «Баарыбыз лыжага -2018» деп аталган спорттук иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага үй-интернаттарынын жана калаанын төрт районунун балдарды калыбына келтирүү борборлорунун тарбиялануучулары катышты.

Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова спорттук иш-чараны ачып, балдарга бекем ден соолук, окууларына ийгиликтерди жана ойлогон ой-максаттарына жетүүлөрүн каалады.

Спорттук иш-чаранын жүрүшүндө инструкторлор балдарга лыжа тебүүнү үйрөтүштү. Ошондой эле, балдар үчүн спорттук эстафеталар, оюн-зоок конкурстары уюштурулуп, жеӊүүчүлөргө белектер тапшырылды. Мындан тышкары, катышуучулар үчүн ысык түшкү тамак уюштурулду

Аталган спорттук иш-чаранын башкы максаты балдарды кышкы спорттук оюндарга тартуу жана сергек жашоо образына үндөө болуп саналат.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!