Бишкекте Азиялык кеңешинин отуруму болду

Бишкекте Азиялык кеңешинин отуруму болду
27-Фев. 2018, Шейшемби, 11:00

26-февралда Бишкектеги «Орион» отелинде Бишкекте болчу күрөштүн түрлөрү боюнча Азия чемпионатынын алдында Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун Азиялык кеңешинин отуруму болуп өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Иш-чарага Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкулов, Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун Азия континенти боюнча кеңешинин президенти Даулет Турлыханов, Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын вице-президенти Мелис Турганбаев жана Бириккен күрөш дүйнөсү уюмуна Азия чөлкөмү боюнча мүчө болгон 38 мамлекеттин өкүлдөрү катышты.

Даулет Турлыханов Кыргызстан эл аралык мелдештерди өткөрүүдө мол тажрыйбага ээ экенин белгиледи. «Кыргызстан күрөш боюнча салттарга бай жана эл аралык мелдештерди өткөрүүдө тажрыйбага ээ. Даярдык иштерине көз салган тиешелүү кызматкерлер муну ырасташты. Уюштуруучулар бардык жагынан жетишкенге аракет кылышууда: делегациялар менен жолугушуулар, аларды тосуп алуу жана узатуу, аларга убактылуу жашаган жайды дайындоо, тамаш-аш менен камсыздоо жана оюнду өткөрүү. Мелдеш жогорку уюшкандыкта өтөт деген үмүттөмүн», - деген оюн билдирди Даулет Турлыханов.

«Бул жолку Азия чемпионаты тиешелүү денгээлде өткөрүлөт деген үмүттөмүн. 2007-жылы биз чоңдор арасындагы Азия чемпионатын ийгиликтүү, жогорку денгээлде өткөргөнбүз. 2012-жылы кадеттер арасындагы Азия чемпионатын уюштурганбыз», - деди К. Аманкулов.

Азиялык кеңештин милдети UWW уюмунун Азия чөлкөмүндөгү күрөш түрлөрүн массалык түрдө өнүктүрүү, жайылтуу, улуттук федерациялардын алакасын бекемдөө, азиялык спортчулардын, машыктыруучулардын, адистердин чеберчилигин арттыруу боюнча саясатын эффективдүү ишке ашыруу болуп эсептелет.

Эскерте кетсек, күрөш түрлөрү боюнча Азия чемпионаты 27-февралда Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда старт алат.

Бүгүнкү күнү аталган мелдешке катышуу үчүн Бишкекке Азиянын 19 мамлекетинен спортчулар келишти: Афганистан, Бахрейн, Кытай, Индия, Иран, Ирак, Япония, Иордания, Казакстан, Түштүк Корея, Түндүк Корея, Кыргызстан, Монголия, Палестина, Катар, Тайбэй, Таиланд, Түркмөнстан, Өзбекстан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!