Азия чемпионаты: грек-рим күрөшүнөн сегиз медаль

Азия чемпионаты: грек-рим күрөшүнөн сегиз медаль
1-Март 2018, Бейшемби, 13:22

28 - февралда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионаты аяктады. Бул тууралуу Жаштар иштери жана дене тарбия боюнча спорт агенттигинен билдиришти.

Эскерте кетсек, программада беш салмактык категория (60 кг, 67 кг, 72 кг, 82 кг, 97 кг) боюнча кармаштар жүрдү.

Алдын ала кармаштардын жыйынтыгы менен 72 киллограмм чен бирдигинде Акжол Махмудов жана 82 киллограмм салмактык категорияда Атабек Азизбеков финалга чыккан. Ал эми 60 киллограмм чен бирдигинде күрөшкөн Каныбек Жолчубеков коло үчүн болгон беттеште ирандык Ширзад Али Бехештиталанын үстүнөн жеңишке жетишсе, Үзүр Жусупбеков түштүк кореялык Хакбон Гюну жеңип өлкө капчыгына дагы бир коло байгени алып келди.

31-Азия чемпионатында Кыргызстанга биринчи алтын байгени Акжол Махмудов тартуулады. Чечүүчү кармашта ал казакстандык балбан Демеу Жадраевдин үстүнөн жеңишке жетишти. Тилекке каршы, 82 киллограмм чен биригинин финалында дагы бир казакстандык балбан Асхат Дилмухамедовго кез келген Атабек Азизбеков алтынды алдырып жиберди.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

60 кг чейин:

1 – орун - Шинобу Ота (Япония)

2 – орун - Си Унг Ри (Түштүк Корея)

3 – орун - Каныбек Жолчубеков (Кыргызстан)

3 – орун - Ю Ханг Лин (Тайван)

67 кг чейин:

1 – орун - Алмат Кебиспаев (Казакстан)

2 – орун - Цучика Шимоямада (Япония)

3 – орун - Гаогюан Ханг (Кытай)

3 – орун - Мырзабек Рахматов (Өзбекстан)

72 кг чейин:

1 – орун - Акжол Махмудов (Кыргызстан)

2 – орун - Демеу Жадраев (Казакстан)

3 – орун - Томохиро Иноэ (Япония)

3 – орун - Арам Варданян (Өзбекстан)

82 кг чейин:

1 – орун - Аскат Дилмухамедов (Казакстан)

2 – орун - Атабек Азисбеков (Кыргызстан)

3 – орун - Сингх Харприит (Индия)

3 – орун - Жинхёк Ким (Түштүк Корея)

97 кг чейин:

1 – орун - Сейитмустафа Сейитханбар Салехизаден (Иран)

2 – орун - Рустам Ассакалов (Өзбекстан)

3 – орун - Үзүр Жусупбеков (Кыргызстан)

3 – орун - Эрлан Искаков (Казакстан)

Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы жалпы сегиз медалдын ээси болсо, анын бирөө алтын, үчөө күмүш жана төртөө коло байге.

Жалпы командалык жыйынтыкта 157 упай менен Кыргызстан биринчи орунга чыкты. Экинчи орунда бир упай артта калган Казакстан курамасы. Ал эми 148 упай топтогон Өзбекстан алдыңкы үчилтикти толуктады.

Эскерте кетсек, 1-мартта Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда кыз - келиндер арасындагы медештер өтөт. Мелдештин башталышы Бишкек убактысы боюнча 10:00дө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!