Нооруз майрамына карата Бишкектеги “Ак-Кула” ат майданында көк бөрү боюнча финалдык таймаш болду. Оюн Оштун “Достук” жана Таластын “Ынтымак” командалары арасында өттү. Беттеш 7:7 эсебинде эки команда тең чыгып, кошумча берилген убакытта “Ынтымак” командасы биринчилерден тайказанга салып 7:8 эсебинде жеңип алышты.
Көк бөрүнүн жыйынтыгында:
1-орунду “Ынтымак” командасы (Талас) 350 миң сом
2-орун “Достук” достук командасы (Ош) 250 миң
3-орун “Сокулук” командасы (Чүй) 150 миң сом
4-орун “Мурас” командасы (Талас) 75 миң сом.
Президенттин аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктарды, сертификаттарды тапшырды. Жалпы 12 командага акчалай сыйлыктар берилди.