​Кыргыз волейболчулары жеңишке жетти

​Кыргыз волейболчулары жеңишке жетти
23-Март 2017, Бейшемби

Волейбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы 22-мартта Азия чемпиондугунда Мальдив аралдары менен алгачкы беттешин өткөрдү. Бул тууралуу КРнын волейбол федерациясынан билдиришти.

Кыргыз волейболчулары үй ээси болгон Мальдив аралдарынын спортчулары менен беттешип, оюндун жыйынтыгында кыргыз спортчулары 3:0 (25:22, 33:31, 25:20) упай менен жеңип алышты.

Эми кыргыз волейболчулары 25-мартта Түркмөнстан курама командасы менен беттешет. Быйылкы өтүп жаткан Азия чемпиондукта 4 өлкө катышууда алар: Кыргызстан, Мальдив, Непал жана Түркмөнстан.

Эске салсак, 2016-жылы кыргыз волейболчулары Азия чемпионатынын финалында Бангладештен утулуп калган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!