Волейбол: Кыргызстан Непал менен оюн өткөрөт

Волейбол: Кыргызстан Непал менен оюн өткөрөт
28-Март 2017, Шейшемби

Бүгүн, 28-мартта Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасы Азия чемпионатында жарым финалдык оюн өткөрөт.

Азыркы тапта Мальдив аралдарында өтүп жаткан волейбол боюнча Азия чемпиондугунда кыргызстандык волейболчулар Непал менен беттешет. Буга чейин кечээ, 27-мартта Непал менен оюн өткөргөн. Оюндун 3 партиясында тең кыргыз спортчулары жеңишке жетишип, 3:1 эсебинде упай топтой алган.

Эми бүгүн, 28-мартта Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө кыргыз волейболчулары кайрадан Непал менен жарым финалдык оюн өткөрөт. Бул оюнда жеңишке жетишип калса Түркмөнстандын курама командасы менен финалда беттешмекчи.

Белгилей кетсек, буга чейин кыргыз волейболчулары үй ээси болгон Мальдив аралдарынын спортчулары менен беттешип, оюндун жыйынтыгында кыргыз спортчулары 3:0 эсебинде жеңип алышкан.




Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!