​Грек-рим күрөшү боюнча “Мэрдин кубогу” өтөт

​Грек-рим күрөшү боюнча “Мэрдин кубогу” өтөт
28-Март 2017, Шейшемби

Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 30-марттан 2-апрелге чейин балдар арасында грек-рим жана эркин күрөш боюнча «Мэрдин кубогуна» мелдеш өткөрүлөт. Бул тууралуу мэрияда билдиришти.

Маалыматка ылайык, спорттук иш-чара «Арча-Бешик» жаӊы конушундагы дене тарбия жана ден соолукту чыӊдоо спорттук комплексинде өтөт.

“Спорттук мелдеш спортчулардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу, грек-рим жана эркин күрөштү жайылтуу жана балдарды спортко үндөө, ошондой эле шаар тургундарын дене тарбия менен машыгууга чакыруу максатында өткөрүлүүдө. Аталган иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясы менен биргеликте уюштурууда”,-деп айтылат маалыматта.

Спорттук мелдеш 30-мартта саат 9:00дө башталат. Мелдештин ачылышы 30-март саат 12:00.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!