Аида Мамыралиева "Алтын Мергенде" жеңишке жетти

Аида Мамыралиева
30-Март 2017, Бейшемби

Кыргызстандык спортчу Аида Мамыралиева Казакстанда өткөрүлгөн ок атуу боюнча “Алтын Мерген” эл аралык турниринде алтынга ээ болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эл аралык мелдеш 24-27-мартта Казакстанда өтүп, ага Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана Кыргызстандан 200дөн ашуун спортчу катышкан. Спортчу Аида Мамыралиева пневматикалык мылтык менен ок атуу боюнча биринчи орунга чыкты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!