Рахимов дүйнө чемпионатында 2-орунду алды

Рахимов дүйнө чемпионатында 2-орунду алды
8-Июнь 2018, Жума, 17:40

Кыргызстандык спортчу Алымбек Рахимов пауэрлифтинг боюнча дүйнө чемпионатында 2-орунду алды. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча эл аралык федерациядан билдиришти.

Айта кетсек, спорттук мелдеш Канадада 6-июнда башталган. 74 килограммга чейинки салмак категориясында 8 спортчу ат салышты. Спортчу 3 көнүгүү боюнча жалпы салмагы 580 килограмм оордукту көтөрүп, 2-орунду алды

Ал эми биринчи орунду япониялык Ито Такаюки ээлик кылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!