Футбол: курама команда 17 сапка ылдыйлады

Футбол: курама команда 17 сапка ылдыйлады
8-Июнь 2018, Жума, 18:00

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) жаңыланган жыйынтыгында 17 сапка ылдыйлады.

Жаңы түзүлгөн тизме FIFA уюмунун расмий сайтына 7-июнь күнү жарыяланган.

Бир ай мурун улуттук курама команда 75-орундан түшпөй келе жаткан. Ал эми азыркы учурда 92-орунга чейин ылдыйлады. Азербайжан командасынан 3:0 эсебинде утулуп калганы буга себеп болгон. Ал эми Азербайжан командасы ушул жеңишинен тарта 21 сапка көтөрүлүп, жыйынтыгында 102-орунду ээлеген.

Тизменин алдыңкы сабында Германия, Бразилия жана Бельгия келе жатат.




Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!