​Орусиянын тосуп алуусу Роналдуну күлдүрдү (видео)

​Орусиянын тосуп алуусу Роналдуну күлдүрдү (видео)
11-Июнь 2018, Дүйшөмбү, 01:02

Португалия курама командасы дүйнө футбол чемпионатына катышуу үчүн Москвага келди. Футболчуларды тосуп алуу аземи команданын лидери Криштиану Роналду күлдүргөндүгүн орустун ЖМК жазып чыкты.

Москва облусунун Кратова шаарчасында футболчуларды орус салты боюнча улуттук кийим кийинген кыздар нан,туз менен тосуп алышты.

Адегенде, өтө олуттуу көрүнгөн Криштиану Роналду нан ооз тийгенден кийин өзүн жакшы сезип, досторуна бир нерселерди айтып каткыра баштаган. Андан кийин нан,туз башкаларга сунулду.


Дүйнө футбол чемпионатында Португалия курама командасы В группасында Испания (15 - июнь, Сочи), Марокко (20 - июнь, Москва)жана Иран (25 - июнь, Саранск).

Эсиңиздерге сала кетсек, футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2018-жылдын 14-июнунан 15-июлга чейин Орусияда өтөт. Футболчулар Орусиянын 11 ири шаарларында 12 стадионунда ат салышат. Москва шаарында (“Лужник жана “Спартак), Санкт-Петербург (“Санкт-Петербург” стадионунда) Казань (“Казань Арена”), Сочи (“Фишт”), Екатеринбург (“Екатеринбург Арена”), Ростов-на-Дону (“Ростов Арена”), Волгоград (“Волгоград Арена”), Нижний Новгород ( “Нижний Новгород” стадиону).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!