Франция - АКШ: Футболчунун башы жарылды

Франция - АКШ: Футболчунун башы жарылды
11-Июнь 2018, Дүйшөмбү, 11:23

Франция курама командасынын чабуулчусу Оливье Жиру АКШ менен болгон жолдоштук беттешүүдө башынан катуу жарат алды. Чемпионат.com. маалыматына караганда оюн учурунда ал америкалык футболчу Мэт Миязи менен катуу сүзүшүп кеткен. Натыйжада экөө тең тең жарат алып, ордулары алмаштырылган.

Бул дүйнө футбол чемпионаты алдындагы Франциянын соңку даярдык матчы болчу. Эми курамын кайра алмыштырууга туура келет. Башкы машыктыруучу Дидье Дешам француз футболчусу Оливье Жирунун башына тигиш жасалып, чемпионатта ойной албасатыгы белгиленди.

Франция 16-июнда Казань шаарында Австралия менен алгачкы беттешүүсүнө чыгат. Андан кийин Перу(21- июнь, Екатеринбург) жана Дания (26 - июнь, Москва, "Лужники").

Эсиңиздерге сала кетсек, футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2018-жылдын 14-июнунан 15-июлга чейин Орусияда өтөт. Футболчулар Орусиянын 11 ири шаарларында 12 стадионунда ат салышат. Москва шаарында (“Лужник жана “Спартак), Санкт-Петербург (“Санкт-Петербург” стадионунда) Казань (“Казань Арена”), Сочи (“Фишт”), Екатеринбург (“Екатеринбург Арена”), Ростов-на-Дону (“Ростов Арена”), Волгоград (“Волгоград Арена”), Нижний Новгород ( “Нижний Новгород” стадиону).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!