​Салах Орусияда алгачкы машыгууларын баштады

​Салах Орусияда алгачкы машыгууларын баштады
11-Июнь 2018, Дүйшөмбү, 12:39

Орусияга дүйнө чемпионатынын катышуучу командаларынын келүүсү уланууда. Кечээ, Египет курама командасынын футболчусу жана англиялыктардын “Ливерпуль” футбол клубунун жарым коргоочусу Мухаммед Салах Грозный шаарына кесиптештери менен келди.

Ал эми Египеттин Орусиядагы элчиси Ихаб Наср атактуу футболчунун саламаттыгы тууралуу буларга токтолду: “ Салахдын саламаттыгы жакшы жана абдан чоң оптимизм жаратууда. Ал бүгүн ачык машыгууга катышат. Ал эми футбол оюндарына катышаарын анын ден соолугун көзөмөлгө алган медициналык топ аныктайт” деди.

Эсиңиздерге сала кетсек, футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2018-жылдын 14-июнунан 15-июлга чейин Орусияда өтөт. Футболчулар Орусиянын 11 ири шаарларында 12 стадионунда ат салышат. Москва шаарында (“Лужник жана “Спартак), Санкт-Петербург (“Санкт-Петербург” стадионунда) Казань (“Казань Арена”), Сочи (“Фишт”), Екатеринбург (“Екатеринбург Арена”), Ростов-на-Дону (“Ростов Арена”), Волгоград (“Волгоград Арена”), Нижний Новгород ( “Нижний Новгород” стадиону).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!