Кыргыз спортчулары 12 медалга ээ болду

Кыргыз спортчулары 12 медалга ээ болду
11-Июнь 2018, Дүйшөмбү, 13:06

Кыргызстандын спортчулары жеңил атлетика боюнча Өзбекстандын ачык кубогунда 12 медал алышты. Бул тууралуу Өзбекстандын жеңил атлетика боюнча федерациясынан билдиришти.

Бул спорттук иш-чара Ташкентте 9-10-июнь күндөрү өттү. 600гө жакын спортчу катышты.

Кыргызстандын курама командасы жалпысынан 6 алтын, 5 күмүш жана 1 коло медаль утушту.

Эркектер арасында 100 метрге чуркоо боюнча алтын медалдын ээси Жамал Мусаев, 800 жана 1500 метр аралыкта чуркоо боюнча Мусулман Жоломанов, 10 000 метр аралыкка чуркоодо Айтпай уулу Бердигул алышты. Жоодар Көчкөнбаев 5 миң метр аралыкка чуркап күмүш медалдын ээси болду. Алтын медалдын ээси Арина Клещукова 800 метр аралыкка чуркаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!