​ДЧ-2018: Чемпионаттын ачылышы кандай болот?

​ДЧ-2018: Чемпионаттын ачылышы кандай болот?
12-Июнь 2018, Шейшемби, 12:23

Бүйүрдү кызыткан Орусияда өтө турган футбол чемпионаттынын башталышына эки күн калды. 14-июнда Москванын “Лужники” стадионунда баштала турган футбол чемпионатынын ачылышына атактуу ырчы Робби Уильямс, опера ырчысы Аида Гарифуллина жана дүйнөнүн эки жолку чемпиону Роналдо катышат.

Чемпионаттын ачылышы Бишкек убактысы боюнча 21:30да башталат. Ал эми алгачкы беттешүү болсо жарым сааттан кийин үй ээси болгон Орусия жана Сауд Арабия командалары ортосунда болот.

Британиялык ырчы Робби Уильямс “Мен Орусияга спорт үчүн келгениме ушунчалык бактылуумун. Бул уникалдуу жолугушуу 80 000 миң жана дүйнөнүн миллиондогон көрүүчүлөрүнүн алдына чыгыш – бул менин балагымдан келаткан кыялым болчу. Мен баардыгын чемпионатка чакырып кетем” деди

Ал эми ачылыш аземинин дагы бир режиссеру Илья Авербух жаңы түстөрдү, футбол сүйүүчүлөр үчүн жаңы форматтагы ачылыш болоорун айтты.

Эсиңиздерге сала кетсек, футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2018-жылдын 14-июнунан 15-июлга чейин Орусияда өтөт. Футболчулар Орусиянын 11 ири шаарларындагы 12 стадионунда ат салышат. Москва шаарында (“Лужник жана “Спартак), Санкт-Петербург (“Санкт-Петербург” стадионунда) Казань (“Казань Арена”), Сочи (“Фишт”), Екатеринбург (“Екатеринбург Арена”), Ростов-на-Дону (“Ростов Арена”), Волгоград (“Волгоград Арена”), Нижний Новгород ( “Нижний Новгород” стадиону).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!