Ызы-чуу: футболчуларга аарылар чабуул жасады (видео)

Ызы-чуу: футболчуларга аарылар чабуул жасады (видео)
12-Июнь 2018, Шейшемби, 13:30

Экватор 2 лигинде акылга сыйбас окуя болду. Футбол беттешүүсү кызуу жүрүп жатканда кокустан аарылар тобу менен футбол талаасын каптап калды. Эмне кылаарын билбеген футболчулар жерге жата калышып, кутулууга аракет кылышты. “Портови” жана “Манто” командаларынын ортосунда жүрүп жаткан матчтын 28 мүнөттүндө аарылар каптап калган. Аарылар бир мүнөттөн ашык футболчуларды баш көтөртпөй каптап турган.


Акыры андан ары учуп кетишкенден кийин оюн уланып, 3:2 эсебинде “Манта” командасынын жеңиши менен аяктаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!