Роналду “Реалдын” айлыгына катуу ачууланды

Роналду “Реалдын” айлыгына катуу ачууланды
12-Июнь 2018, Шейшемби, 14:24

Португалиялык футболчу Криштиану Роналду “Реалдан” сунуштаган 32 миллион евро айлыгын уят катары баалады. Бул тууралуу “Marca” басылмасына таянып, Чемпионат.Com сайты жазып чыкты.

Бир жума мурун “Реал Мадрид” клубунун президенти жана башкы директору Хосе Анхель Санчес португалиялык футболчунун айлыгын 75 миллион еврого чейин көтөрүү талабын аткара албастыгын агенти Жорж Мендешке билдиришкен.

Алар атактуу футболчунун айлыгын (учурда 21 миллион) 32 миллион еврого көтөрүүнү сунушташканбирок аны Криштиану Роналду уят катары баалады. Муну менен Роналду “Реалдан” кетүү эшигинде экендигин кыйытты.

Учурда португиялык футболчуга француздардын "Пари Сен-Жермен" жана англиялыктардын "Манчестер Юнайтед" клубу кызыгып жатат. Ал эми мадриддиктер менен болгон мурдагы келишими 2021-жылына чейин түзүлгөн. Роналдунун трансфер каражаты 100 миллион еврого бааланууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!