ДЧ-2018: Нигерия футболчуларынын формасы талкууда

ДЧ-2018: Нигерия футболчуларынын формасы талкууда
12-Июнь 2018, Шейшемби, 16:30

Орусияга дүйнө чемпионатынын катышуучу командаларынын келүүсү уланууда. Кечээ Нигерия улуттук курама командасы Ессентуки шаарына учуп келишти. Футболчуларды Эл аралык “Минеральные Воды” аэропортунда орустун салты боюнча нан-туз менен тосуп алышты.

Бирок, социалдык тармактарда алардын бир гана формасы талкууланууда. Криштиану Роналдунун костюму же Неймардын кыска шымы унутулуп, баардыгы Нигерия футболчуларын формасын жазышууда.

Алар улуттук кийимдерин кийип келишкен. Үстүндөгү узун көйнөк - буба. Ал эми шымын – сокота дешет. Бул кийимди нигериялыктар адатта майрам кундөрү кийишет.

Ал эми социалдык тармактагылар алардын формасын медициналык айымдардын формасына салыштырап жатышат.

Эсиңиздерге сала кетсек, футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2018-жылдын 14-июнунан 15-июлга чейин Орусияда өтөт. Футболчулар Орусиянын 11 ири шаарларында 12 стадионунда ат салышат. Москва шаарында (“Лужник жана “Спартак), Санкт-Петербург (“Санкт-Петербург” стадионунда) Казань (“Казань Арена”), Сочи (“Фишт”), Екатеринбург (“Екатеринбург Арена”), Ростов-на-Дону (“Ростов Арена”), Волгоград (“Волгоград Арена”), Нижний Новгород ( “Нижний Новгород” стадиону).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!