​ДЧ -2018:“КТРК Спорт” чемпионаттын бардык оюндарын көрсөтөт

​ДЧ -2018:“КТРК Спорт” чемпионаттын бардык оюндарын көрсөтөт
13-Июнь 2018, Шаршемби, 01:38

Эртең Орусияда бүйүрдү кызыткан футбол чемпионатты башталат. Кыргызстандын "КТРК Спорт" каналы чемпионаттын бардык 64 беттешүүсүн тең көргөзөт. Бул тууралуу телеканалдын жетекчилиги кабарландыгын “Кабар” агентиги жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Коомдук телерадиоберүү корпорациясы бул ири спорттук саамалыкты көрсөтүүгө укук алган.

"КТРК" жана "Маданият.Тарых.Тил" каналдары бир убакытта өткөн оюндарды түз алып көрсөтө баштайт,-деп айтылат маалыматта.

Эсиңиздерге сала кетсек, футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2018-жылдын 14-июнунан 15-июлга чейин Орусияда өтөт. Футболчулар Орусиянын 11 ири шаарларындагы 12 стадионунда ат салышат. Москва шаарында (“Лужник жана “Спартак), Санкт-Петербург (“Санкт-Петербург” стадионунда) Казань (“Казань Арена”), Сочи (“Фишт”), Екатеринбург (“Екатеринбург Арена”), Ростов-на-Дону (“Ростов Арена”), Волгоград (“Волгоград Арена”), Нижний Новгород ( “Нижний Новгород” стадиону).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!