​“Реал Мадрид” жаңы башкы машыктыруучусун атады

​“Реал Мадрид” жаңы башкы машыктыруучусун атады
13-Июнь 2018, Шаршемби, 10:30

Испаниянын “Реал Мадрид” клубунун жаңы башкы машыктыруучу болуп Хулен Лопетеги атанды. Анын дүйнө чемпионатынан кийин кызматына кирише тургандыгын клубдун сайты расмий түрдө жарыялады.

51 жашындагы Испания курама командасынын башкы машыктыруучусу мадриддик команда менен 3 жылдык келишимге кол койду.

Лопетеги Испания курама командасын 2016-жылдан бери жетектеп келатат. Ал мурда “Порту”, “Райо Вальекано” командаларынын башкы машыктыруучусу болгон. Ал 2008-2009 – жылдары «Реал Мадрид-Б» запастагы командасын жана Испания курама командасынын жаштар командасын тарбиялап келген.

Эсиңиздерге сала кетсек, Лопетеги “Реалдын” мурдагы башкы машыктыруучусу Чемпиондор Кубогун 3 жолу жеңип алган Зинедин Зидандын ордуна келди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!