​ДЧ-2018:Орусия-Сауд Арабия беттешүүсүнүн калыстары белгиленди

​ДЧ-2018:Орусия-Сауд Арабия беттешүүсүнүн калыстары белгиленди
13-Июнь 2018, Шаршемби, 11:35

Эртең дүйнө чемпионатынын ачылыш беттешүүсү болгон Орусия жана Сауд Арабия матчы Москванын “Лужники” стадионда өтөт. Бул беттешүүнү Аргентина калыстар тобу жүргүзөт. Калыстар тобунун курамына Нестор Питана, Хуан Пабло Бельяти жана Эрнан Майдан кирди. Ал эми төртүнчү калыс бразилиялык Сандру Риччи атанды.

Видео көзөмөл тобуна Массимилиано Иррати (Италия, ВАР), Мауро Вильяно (Аргентина, юиринчи ассистент ВАР), Карлос Астроса (Чили, экинчи ассистент ВАР)жанаДаниэле Орсато (Италия, үчүнчү ассистент ВАР) киришти.

Калыстар тобунун жетекчиси Нестор Питана 2010-жылдан бери ФИФАда калыстык милдетти аркалап келет. Ал 2014-жылкы Бразилия чемпионаттында Орусия-Корея (1:1) беттешүүсүндө калыстык кылган.

Эсиңиздерге сала кетсек, футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2018-жылдын 14-июнунан 15-июлга чейин Орусияда өтөт. Футболчулар Орусиянын 11 ири шаарларындагы 12 стадионунда ат салышат. Москва шаарында (“Лужник жана “Спартак), Санкт-Петербург (“Санкт-Петербург” стадионунда) Казань (“Казань Арена”), Сочи (“Фишт”), Екатеринбург (“Екатеринбург Арена”), Ростов-на-Дону (“Ростов Арена”), Волгоград (“Волгоград Арена”), Нижний Новгород ( “Нижний Новгород” стадиону).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!