​ДЧ-2018: Чемпионаттагы карыган футболчулар кимдер?

​ДЧ-2018: Чемпионаттагы карыган футболчулар кимдер?
13-Июнь 2018, Шаршемби, 12:32

Эртең Орусияда футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталат. Анда сөзсүз эң тажрыйбалуу, таланттуу футболчулар ойношот. Бул жолку ири спорт салтанатында 36 жаштан өткөн 12 спортчу улгайгандар катарына кирди. Ал эми Бул тизменин башында Египет курама командасынын дарбазачысы Эссам аль-Хадари башында турат.

Эмесе футбол чемпионатынын эң улуу футболчулары кимдер:

1. Эссам аль-Хадари – Египет курама командасынын футболчусу 45 жашында, Африка Кубогунун 4 жолку чемпиону 1973-жылы 15-январда туулган.

2. Рафаэ́ль Ма́ркес (Мексика)1979 - жылы 13-январда туулган мексикалык футболчу 39 жашында, бир кезде “Барселона” командасынын футбол жылдызы болгон.

3. Сергей Игнашевич (Орусия) – Орусиянын тарбиялаган эң мыкты коргоочуларынын болгон Сергей Москванын ЦСКА командасынын катарында.1979-жылы 14-июлда туулган( 39 жашта)

4. Тим Кэхилл (Австралии) – австралиялык эң тажрыйбалуу футболчулардын бири Тим 38 жашында. “Миллуолл” клубунан чабуулчусу.

5. Фелипе Балой (Панама) – Ал“Мунисипаль”клубунун коргоочусу,37 жаштагы футболчу 1981-жылы төрөлгөн.

6. Хесус Корона (Мексика) – “Порту” командасынын жарым коргоочусу, 37 жашына келди.

7. Вильфредо Кабальеро (Aргентина) – аргентиналык футболчу,“Челси” командасынындарбазачысы,36 жашына келди.

8. Бету (Португалия) - Анто́ниу Албе́рту Ба́штуш Пимпаре́л – ал баардыгына Бе́ту катары таанымал.Түркиянын “Гөзтепе” клубунун дарбазачысы жана Португалия курама командасынын футболчусу 36 жашында.

9. Бруну Алвеш (Португалия ) – португалиялык курама командасынын футболчусу, шотландиянын «Рейнджерс» клубунун коргоочусу 36 жашында.

10. Луис Техада (Панама) – панамалык футболчу “Спорт Бойз” жана Панама курамакомандасынын оюнчусу, 36 жашына келди.

11. Патрик Пембертон (Коста-Рика) – Коста-рикалык футболчу “Алахуэленсе” клубунун дарбазачысы,36 жашында.

12. Пе́пе Рейна (Испания) – испаниялык атактуу дарбазачы Италиянын “Милан” клубунда ойнойт.Испания курама командасы менен эки жолу чемпиондукка жетишкен. Августь айында 36 жашка чыгат

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!