Бишкекте эмгектеген бөбөктөрдүн жарышы өтөт

Бишкекте эмгектеген бөбөктөрдүн жарышы өтөт
14-Июнь 2018, Бейшемби, 13:59

16-июнь күнү Бишкек шаарындагы соода борборлорунун биринде эмгектеген наристелердин жарышы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлады.

Билдирүүгө таянсак, “Мелдешке буту баса элек 7 айдан 9 айга чейинки бөбөктөр катышат. Алар үч мүнөттүн ичинде ар бир бөлүнгөн сызыктан 10 метр аралыкты жөрмөлөп өтүш керек. Бөбөктөр марага биринчи келиш үчүн ата-энелер ар түрдүү ыкмаларды колдонсо болот”,-деп жазылат маалыматта.

Биринчи келген бөбөктөр баалуу белектер менен сыйланат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!