Кыргызстанда триатлон боюнча Азия Кубогу өтөт

Кыргызстанда триатлон боюнча Азия Кубогу өтөт
14-Июнь 2018, Бейшемби, 16:15

Чолпон-Ата шаарында триатлон боюнча Азия Кубогу жана Борбор Азия чемпионаты өтөт. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан кабарлашты.

Мелдеш “Каприз” эс алуу борборунда 7-8-июль күндөрү өтөт.

Маалыматка караганда, мелдешке 1,5 чакырым сүзүү, 40 чакырым вело жарыш, 10 чакырым чуркоо, сүйүүчүлөр үчүн - “AGE” категориясы жана эстафета камтылат.

Андан тышкары, өспүрүмдөр арасында “Супер принт” аралыгы боюнча; 300 м сүзүү, 8 чакырым вело жарыш жана 2 чакырым чуркоо болот.

Кененирээк маалыматты www.triathlon.kg. сайтынан алсаңыз болот.

















Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!